Ар жылы белгиленген 21- сентябрь Тынчтык күнүнө карата Тынчтык куруучулар Хабы алгачкы жолу Ынтымак жумалыгын уюштурат. Хаб Кыргызстанда тынчтыкты курууга салым кошуп жаткан жарандык коомдун өкүлдөрүн иш- чарага катышууга чакырат. Сиздер үчүн Хаб тууралуу маалыматты жана иш- чаранын кыска Концепциясы катка тиркелди. 5 күндүн ичинде дээрлик 30га жакын төмөндөгү форматтагы иш чаралар өтөт: ардактуу коноктордун катышуусу менен ачылыш жана жабылыш аземи, тематикалык талкуулар жана семинарлар, атайын иш- чаралар жана видео тарыхчалар.
12-20
сентябрь
2024
Ынтымак жумалыгына катышыңыз
Бул иш- чарага төмөнкү форматтарда катышуу мүмкүнчүлүгү бар:

Катышуу

Кимдер:

Ынтымак жумалыгында көтөрүлгөн темалар кызык болгон адам (же адамдардын тобу)

Бул эмне себептен сиздерге кызыктуу?

➔ Темалар боюнча талкууларга өз салымыңарды кошуу жана жаңы билимдерге ээ болуу;

➔ Тилектештерди табуу (нетворкинг).


Катышуу үчүн эмне кылуу керек?

2024-жылдын 23 - августунан 10 - сентябрына чейин веб сайт аркылуу иш- чарага же конкретүү сессияларга катталуу

Катышуу

Силердин долбоордун катышуучуларын катышуусун камсыз кыдуу

Кимдер:

Тынчтык куруу долбоорлорунун катышуучулары, ошондой эле жергиликтүү лидерлер

Бул эмне себептен сиздерге кызыктуу?

➔ Тема боюнча маалымат алуу жана жаңы билимдерге ээ болуу;

Жаңы ыкмалар тууралуу үйрөнүү, учурдагы методикаларды анализдөө;

➔ Пикирлештер менен таанышуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

➔ Тынчыкты куруу багытындагы жумуштардын жыйынтыктарын көрүү.


Катышуу үчүн эмне кылуу керек?

Ынтымак жумалыгынын командасына катышуу ниетиңизди 2024-жылдын 5 сентябрына чейин yntymakweek@gmail.com электрондук дарегине жазуу менен билдирүү.

Жазуу

Концепцияга ылайык Ынтымак жумалыгынын алкагында сессия/иш-чара уюштуруу

Кимдер:

  • Тынчтыкты куруу тармагында иштеген Эксперттер жана активисттер
  • Жарандык коомдун уюмдары
  • Формалдык\формалдык эмес топтор
  • Тынчтыкты курууга багытталган долбоорлордун катышуучулары

Бул эмне себептен сиздерге кызыктуу?

➔ Тажрыйба жана жумуштун жыйынтыктары менен бөлүшүү;

➔ Өзүңүздү же уюмуңузду Кыргызстандагы тынчтыкты куруудагы актор катары таанытуу;

➔ Силердин жумуш тууралуу билген адамдардын санын кеңейтүү.


Катышуу үчүн эмне кылуу керек?

Бул Форманы 2024-жылдын 23 - августуна чейин толтуруу.

Катышуу

Конкретүү адамдардын/ коомчулуктардын жыйынтыктарын видео аркылуу айтып берүү

Кимдер:

  • Тынчтыкты куруу тармагында иштеген Эксперттер жана активисттер
  • Жарандык коомдун уюмдары
  • Формалдык\формалдык эмес топтор
  • Тынчтыкты курууга багытталган долбоорлордун катышуучулары

Бул эмне себептен сиздерге кызыктуу?

➔ Жыйынтыктарды көбүрөөк адамдарга жеткирүү, алардын ичинде жарандык коомдун уюмдары, эксперттик коомчулук, мамлекеттик уюмдар жана Эл аралык уюмдар.


Катышуу үчүн эмне кылуу керек?

Бардык талаптар бул шилтемеде:

Талаптар
Кошумча маалымат
Катышууга катталуу: Календарь жана сессияларга каттоо Ынтымак жумалыгынын веб сайтында 2024-жылдын 23-августунда ачылат.

Ынтымак жумалыгына катышуу акысыз: Биз сессияларды уюштуруу/өткөрүүгө кеткен чыгымдарды жана шаардан сырткары жашаган адамдардын жол киресин камсыз кыла албайбыз. Хабдын мүчөлөрү өзүнүн өнөктөштөрүнүн чыгымдарын төлөсө болот.
Байланыш
Ынтымак жумалыгына катышуу боюнча суроолорду yntymakweek@yntymakweek.org электрондук дарегине жазсаңыз болот.